Коом

Россия медициналык окуу жайларынан кыргызстандыктарга 70 бюджеттик орун берет

Россия медициналык жогорку окуу жайларынан кыргызстандыктар үчүн бюджеттик негизде 70 орун берет. Бул тууралуу Бишкектеги «Русский дом» (Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгү) кабарлады.
Маалыматта окууга өткөндөр үчүн жатакана жана стипендия каралганы айтылат. Документтер 2022-жылдын 20-февралына чейин сайтында кабыл алынат.
Каалоочулар төмөндөгү медициналык багыттар боюнча окууга тапшыра алышат:

Фундаменталдык медицина (адистик, аспирантура);

Клиникалык медицина (адистик, ординатура, аспирантура);

Саламаттык сактоо илимдери жана профилактикалык медицина (адистик, ординатура, аспирантура);

Фармация (адистик, ординатура, аспирантура).

Кененирээк маалыматты сайтынан алууга болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button