Кыргызстандагы курулуштар 9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере алат. Бул тууралуу Мамкурулуштун Бишкек шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу «Мекенчил» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

«Экспертизанын чечиминин негизинде курулуш иштери жүрөт. Имараттар 9 баллга туруштук бере алат», — деди Иманакун уулу.