Коом

И.Арабаев атындагы КМУда Венгр тили жана маданияты борбору ачылат

Венгрияда 13-февралдан тартып Кыргызстан жана Венгриядагы жогорку окуу жайлардын ректорлорунун форуму өтүп жатат.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Кароли Эстерхази атындагы университеттин ректору Илона Тари менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол койду.

Келишимде белгиленгендей, И.Арабаев атындагы КМУнун базасында Венгр тили жана маданияты борбору ачылат.

Ректор Илона Пайток-Тари 2023-жылдын май айында Бишкеке келип, аталган борборду ачып бермекчи. Ошондой эле, ал аталган борбор үчүн китептерди белек кылды.

Мындан сырткары, эки университет ортосунда академиялык мобилдүүлүк, PhD багыты, маданият жана спорт тармагы боюнча кызматташуу жүргүзүлөт.

Кызматташуу аркылуу эки өлкөнүн тарыхы, маданияты, улуттук кийимдери, тамак-аштары жана салттарынын жакындыгына негизделген достук мамилесин өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк жаралат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button