Коом

Бишкектин Ленин районунда кароосуз жүргөн 32 өспүрүм аныкталды

Бишкектин Ленин районунда рейд учурунда кароосуз жүргөн 32 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд кароосуз жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү, ошондой эле кайырчылык менен алектенген жана оор жумушка тартылган балдарды аныктоо максатында жүргүзүлдү.

Рейдге райондук администрациянын өкүлдөрү, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, райондук билим берүү борборунун, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жана МАБдардын адистери катышты.

Муниципалитеттен белгилешкендей, район аймагындагы компьютердик клубдарды жана оюн-зоок жайларын текшерүүнүн жыйынтыгында 32 бала аныкталып, анын ичинен 20 бала өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, 12 бала мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүп берилди.

Белгилей кетсек, мындай текшерүүлөр муниципалдык администрация тарабынан ар дайым жүргүзүлүп келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button