Коом

«Боордошторубуз өздөрүн коопсуз сезиши үчүн Кыргызстандын “боз үйлөрү” тигилди»

Туркиянын Yenisafak  басылмасы  Кыргызстандан алынып барган боз уйлор жана алгачкы жардам, куткаруучулар тууралуу макала жарыялап, анда Кыргызстандын Туркиядагы элчиси Руслан Каазкбаевдин пикирин беришкен. Макала түрк тилинен которулду:

Түркияга жардамга шашкан өлкөлөрдүн бири болгон Кыргызстан да аймакка кыргыздардын салттуу чатыры «Боз Үй» менен издөө-куткаруу топторун жөнөттү. Анкара элчиси Руслан Казакбаев: «Ата-бабаларыбыз бардык ачуу-таттуу учурларын ушул жерде өткөрүшкөн. Анын руханий мааниси чоң. Ата-бабаларыбыздан калган чатырларды жөнөтүү менен биз бир туугандарыбызга үй жана коопсуздук сезимин бергибиз келди».

Кахраманмараштагы жер титирөөдөн кийин Түркиянын жараатын айыктыруу үчүн шашылган өлкөлөрдүн бири Кыргызстан болду. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин координациялоосу менен жер титирөө болгон аймакка 182 адамдан турган издөө-куткаруу жана медициналык топ, талаа ооруканасы жана медициналык буюмдар жеткирилип, урандылардын астынан 5 адам куткарылды.

Кошумчалай кетсек, Кахраманмарашта Кыргызстандан келген ыктыярчылар жана Түркияда жашаган кыргыз тектүү түрк жарандары тарабынан 127 кыргыздын салттуу боу үйлөрү тигилген.

Аймакка барып, иш-чараларга жеке өзү катышкан Кыргызстандын Туркиядагы элчиси Руслан Казакбаев «Йени Шафак» гезитине маек куруп, өлкөсүнүн ишмердүүлүгүн түшүндүрдү. Жер титирөө болгон аймакка салттуу чатырларды орток мурас катары жөнөтүшкөндөрүн белгилеген Казакбаев, «түрк бир туугандарына» өз үйүндө болуу жана коопсуздук сезимин тартуулоону каалашкандарын айтты.

Боз үйдүн руханий мааниси чоң

Казакбаев «чатырларды кыргыздар баш калкалоочу жай да, үй-бүлөнүн жылуу үйү катары да пайдаланышканын айтты. Үй-бүлөнү, дүйнөнү жана ааламды символдоштуруп, төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки жашоонун бардык баскычтарын камтыйт. Кыскасы, ата-бабаларыбыз бардык ачуу-таттуу учурларын ушул жерде өткөрүшкөн. Бул жагынан алып караганда анын руханий мааниси да чоң. Ошондуктан жер титирөө болгон аймактарга ата-бабаларыбыздан калган салттуу чатырларды жөнөтүү менен түрк боордошторубузга үй жана коопсуздук сезимин тартуулоону кааладык».

“Бир эл, эки мамлекет”

Иштерди координациялоо үчүн Түркияга Кыргызстандын элчилиги менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин келгенин белгилеген Казакбаев: «Кылымдын эң чоң жер титирөө апаатын бирге жеңебиз деп ишенебиз. «Бир улут, эки мамлекет» түшүнүгү менен ар дайым түрк боордошторубуздун жанында болууну улантабыз» деген пикирин айткан. Шейшемби күнү социалдык медиада чагылдырылган сүрөттөрдө талаада ишмердүүлүгүн көзөмөл кылган Ажыкеевдин Кахраманмарашта 5 тууганын жоготкон аялды угуп, сооротуп жатканы чоң бааланды.

Жайында салкын, кышында жылуу кармайт
Кахраманмарашта курулган «боз үй» деп аталган салттуу чатырлардын кыргыздардын көчмөн жашоосунун ажырагыс элементтеринин бири экенин белгилеген элчи, бул чатырлардын жайында салкын, кышында жылуу, жаан-чачындуу шарттарда орнотуу жана ташуу үчүн жеңил, чыдамкай жана коргоо сыяктуу көптөгөн өзгөчөлүктөргө ээ экенин айтты.

Түркия менен бирге болуу биз үчүн сыймык

Президент Садыр Жапаров баш болгон жалпы кыргыз элинин Түркиядагы кырдаалга, жер титирөөлөр болгон алгачкы учурдан тартып тынчсыздануу менен жакындан жардам берүүнү колго алганын белгилеген элчи, бир тууган өлкөбүз Түркиянын улуу кырсык менен бетме-бет келген күндөрүндө жанында болуу алар үчүн чоң сыймык экенин айтты. Анкара жана Стамбулда кыргыз диаспорасы менен биргеликте жардам материалдарын чогултууну улантып жатышканын белгилеген Казакбаев, накталай акчалай жардам берүүнү каалагандар үчүн банк эсеби ачылганын билдирди.

Биз биргебиз

Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) жазуу билдирүүсүндө, түрк дүйнөсүнүн боордошторунун кайгысын тең бөлүшүп, алардын жараларын кучактап айыктырууга аракет кылганы, тилектештик мобилизациясынын жана бир тууган тилектештиктин эң сонун үлгүлөрүн көрсөткөнү белгиленди.

«ТҮРКСОЙдун демилгеси менен ишке ашырылган «Биз биргебиз» акциясынын алкагында түрк дүйнөсүнүн төрт бурчунан маданият жана искусство адамдары видео билдирүүлөр менен жер титирөөнүн жараларынын айыгышына салым кошууга аракет кылышты. Анда алар Түркиянын кайгысын тең бөлүшүштү. Ошол эле учурда ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдө сүрөтчүлөрдүн демилгеси менен жардам компаниялары башталды.

Дүйнөгө белгилүү казак сүрөтчүсүнөн белек

Дүйнөгө таанымал казак сүрөтчүсү Ерболат Төлөпбай жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн күч-кубат жана түшүмдүүлүктү көрсөтөт деген үмүт менен «Умай Ана» аттуу картинасын тартты. Ал сүрөтүн Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга сатуудан тапкан 10 миллион теңгени (422 миң лира) белекке берди. Төлөпбай Түркиянын Алматыдагы башкы консулдугуна барып, көңүл айтты. Башкы консулдуктун билдирүүсүндө сүрөттүн бир ишкер тарабынан сатылып алынганы жана кирешенин жардам эсебине которулганы белгиленди. Төлөпбай жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн тарткан картинаны бизнесмен Түркиянын Алматыдагы башкы консулдугуна тартуулады.

TDT генеральный секретарынын баяндамасы

Түрк мамлекеттер уюмунун (TDT) баш катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев Кахраманмарашта иликтөө иштерин жүргүздү. Өмүралиев Кыргызстан менен Казакстандын чатырлары тигилген Тилектештик обсерваториясында болуп, андагы талаа ооруканасын карап чыкты.

Булак: https://www.yenisafak.com/gundem/guvende-hissetsinler-diye-kirgizistanin-boz-uyleri-isitti-4508521

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button