Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун мурдагы журт башчылары менен болгон жолугушуусуна кимдер келгенин айтты.

Анын маалыматына караганда, жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышты.

«Жолугушуу белгилүү себептерден улам нейтралдуу жерде өттү», – дейт ал.

Калган кеңири маалыматты президент Садыр Жапаровдун кайрылуусунан окусаңыздар болот.