Саясат

Орунбеков: Президенттин атын пайдалангандарга катуу чара көрүлөт

16-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан мамлекеттик кызматкерлерди коркутуу менен алардан акчалай пара талап кылуу фактысы боюнча Т.Тайлаков аттуу прокуратура органынын мурдагы кызматкери кармалып, камакка алынды.

УКМК тараткар видео жазууда Т.Тайлаков, президент, УКМК төрагасы жана башкы прокурору менен жакын мамилеси бар экен айтып, мамлекеттик кызматкерге карата, «тагдырыңды кесип коем, биздин артыбызда Президент, Ташиев акебиз, башкы прокурор турат» — деген сөздөрдү колдонуу менен жабырлануучудан керектүү акчаны бербесе анын өмүрүнө коркунуч келтирип коёрун билдирген.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков бул жагдай менен таанышып чыгып, төмөнкүлөрдү маалымдайт:

«Президент Садыр Жапаров кызматына киришкен күндөн тартып, мыйзам баарына бирдей болоорун так кесе айткан жана ал мыйзам бүгүнкү күнгө чейин кынтыксыз аткарылып келүүдө. Жеке кызыкчылыктарды ишке ашыруу максатында мамлекет башчынын жана анын жакындарынын атын пайдаланууга мыйзам жол бербейт жана мындай ар кимди опузалоо фактыларына катуу чаралар көрүлөрүн эскертебиз. Ошондой эле, Жогорку кызматтагы адамдардын атынан кимдир бирөөлөргө басым-кысым жасалган фактылар болсо, дароо укук коргоо органдарына кайрылууну эскертебиз».

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button