Коомдук ишмер, жеке ишкер Рысгүл Акимжанова Венгрия болгон иш сапарынан кийинки пикирлери менен Facebook социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөн:

«Венгрияда өткөн бизнес-форумда партнерлорубуз да жүрүштү. Форум бүткөндөн кийин башка шаарга бир заводго чыгып кеттик. Жолду ката форум жөнүндө өздөрүнүн «впечатленияларын» айтып барышты. Ал айтат:

— Президентинер Садыр Жапаров азамат экен, ошончо форумда бирден бир кыргызча сүйлөгөн президент болду. Мынтип өзү менен бизнесмендерди алып жүрүп, аларга шарт түзүп берем деп далалат кылат экен. Жөнөкөйлүгү жакты, Европалык башчылар высокомерныйлар.

Бирок тан калганым, эмнеге кыргыз-венгер форуму болуп жатса, иш-чара орусча өтүп, бардыгы орусча презентация кылып, орусча сүйлөп жатышат? Венгерлер орусча түшүнүшпөйт да, орусчаны деле англисче-венгерче которуп жатпайсынарбы?! Эмнеге кызматчылар бири-бири менен орусча сүйлөп жатышат? Эмнеге Венгрияда окуган студент-волонтерлор бири-бири менен орусча сүйлөшөт? Алар өз тилин сагынып, Кыргызстандан келгендер менен бугун чыгара кыргызча сүйлөшүп алат деп ойлогом, жок, баары орусча сүйлөп жүрдү. Неге мындай силерде?-дейт. А мен эмне дей алат элем, чындап эле ошондой болуп жатса?!

Венгерлер Европанын чок ортосунда отуруп, өздөрүнүн тилин, дилин, маданиятын, уңгусун доминант тилдерге басынтпай сактап келе жатышат. Экономикалык да, маданий тараптан да тигилердин таасирине кирип кетпегенге аракет кылышат. Уңгусун кармоо алар үчүн жөн эле куру сөз эмес. Менин кызым дүйнөлүк жаа атуу чемпионатына да Венгрияга келип, биринчиликти алып кеткен да. Көчмөндөр экенин баса белгилеп турушат.

Пакистанга да барганда ошондой картина болгон. Биз орусиядан келгенсип жалан орусча сүйлөп жүргөнбүз кыйын болуп тимеле. Чет жерде(!) кыргыздар бири бири менен(!) орусча (!) сүйлөшүп жүрүшөт.

Кээде ап түрдүү ведомство, министрликтерде карапайым ишкер, дыйкандарды чогултуп алышып орусча чогулуш өтүшөт. Арасында бир да орус жок болбосочу ээ. Аялдарга карата зордук-зомбулукка карата мероприятиелер өтөт, баары орусча. А зордук көргөн аялдардын көп бөлүгү айылдарда да, анан алар кантип которуп, угушат? Орусча айткан нерсе негизинен сиңбейт, ошондуктан көптөгөн иш-чаралар жугумсуз.

Өзүбүзгө билинбеген менен сырттан ушундай нерселер оркоюп көрүнөт экен. Ойлоп көрсөң чындап эле туура нерсени айтып жаткан болот. Биз көнүп калгандыктан сезилбей жүрө беребиз» — деп жазган ишкер, коомдук ишмер Рысгүл Акимжанова.