Бишкектеги Горький атындагы паркта бүгүн, 20-февралда ишкерлер салыктын жаңы киргизилген эрежелерине каршы нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү медиа булактары билдиришти.

Ал жердеги ишкерлердин бири Адина Камбарова «Азаттыкка» акцияга жүздөй адам чыкканын, алар өкмөткө салык боюнча жаңы эрежелерге каршы чыгышканын айтып берген:

«Чупа-чупстан, пирожкиден баштап баарын электрондук кылып системага киргизишибиз керек экен. Касса менен ЭТТНдин чеги бирдей болушу керек деп жатышат. Эгер бир сом айырма болсо да, чек чыгарбай койсок да айыппул салышат. Товарды базардан алсак, анын төрт процентин биз төлөп калат экенбиз. Патент баасын да эки эсе көбөйтүп, ККМ да колдоносун деп коюшуптур. Биз азык-түлүк, тамак-аш сатабыз, анын кээ бир түрлөрү мөөнөтү өтүп кетсе жарабай калат», — деген ал.

Эскерте кетсек, Салык кызматы соода менен алектенген ишкерлерди 2023-жылдын 1-январынан тартып ЭТТН колдонууга милдеттендирген. Ал үчүн ишкерлер Салык кызматынын маалыматтык системасынан «жеке кабинет» ачып, ар бир товарынын коштомо кагазын электрондук түрдө тиркеп турушу керек.