21-февраль күнү, шейшембиде, күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +9…+14, Талас өрөөнүндө +7…+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +10…+15 градус жылуу болсо, Ысык-Көл облусунда +5…+10 градус, ал эми Нарында -1…+4 градуска чейин жылыйт.
Күндүн табы борбор калаада +11…+13, Ош шаарында +12…+14 градуска чейин көтөрүлөт.