Коом

Бишкекте Эне тилинин эл аралык күнүнө арналган фестиваль өттү

Бишкекте 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө арналган “Мамлекеттик тил – достуктун жана биримдиктин тили” аталышындагы шаардык фестиваль өттү. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Фестивалга борбор шаарыбызда жашаган 9 этностун — кыргыз, орус, өзбек, дунган, уйгур, казак, татар, азербайжан, карачай улутунун өкүлдөрү катышты. Алар өз улуту жөнүндө эне тилинде маалыматтарды айтып, жалпы катышуучулардын башка улуттар жөнүндө маалымат алууга кызыгуусун арттырып, ар улуттун өкүлдөрүнүн катышуусундагы майрамдык концерт менен аяктады.

Белгилей кетсек, КР Конституциясына ылайык, кыргыз тили Кыргызстандын мамлекеттик тили жана орус тили расмий тил болуп саналат. Ошол эле учурда, бардык этностордун өкүлдөрүнө өз эне тилин сактоо, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү шарттарын түзүү укугуна кепилдик берилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button