Коом

Бишкектеги сейил бактарга ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду

Бишкектеги сейил бактарга ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Молодежный» сейил багынын аймагына ийне жалбырактуу, арча, карагай жана туянын 70 түп көчөтү отургузулса, Ч.Түлөбердиев атындагы сейил бактын аймагына 50 жаш туя отургузулду.

Ал эми өткөн дем алыш күндөрү «Ынтымак-1» паркына 40 карагай жана 10 кайың отургузулган. Көчөттөрдү Улуттук банк белек кылган, банктын кызматкерлери көчөттөрдү отургузуу иштерин өздөрү көзөмөлдөп турушту.

Эскерте кетсек, быйыл Бишкек шаарына 15 миң жашыл көчөт отургузуу пландалууда. Жыл башынан тарта 2 миң дарак отургузулду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button