Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 40 өрт өчүрүүчү атайы техникасы тапшырылды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

 

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров белгилегендей, Кыргызстан жана Россиянын мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген келишимдердин алкагында бүгүн кыргыз тарапка 40 даана өрт өчүрүүчү унаа өткөрүлүп берилүүдө.

«Жыл сайын биздин республиканын аймагында 200дөн ашык ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар катталат. Өзгөчө кырдаалдын кесепеттеринен келтирилген материалдык чыгым 4 млрд сомду түзөт. Бул техниканы алуу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчү унаалар паркын толугу менен жаңыртып, куткаруучуларыбыздын ишин бир топ жеңилдете алабыз деп ишенем», — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, өрт өчүрүүчү цистерналар «КАМАЗ» унааларынын базасында 6 000 литр суу багы жана 360 литр көбүк менен иштейт, насостун кубаттуулугу секундасына 40 литр сууну түзөт. Автоунаа ар кандай диаметрдеги 18 өрт түтүктөрү менен жабдылган. Мындан тышкары гидрант, арыктардан (көлмөлөрдөн) суу чогултуучу гидроэлеватор жана керектүү авариялык жабдуулар жана шаймандар бар. Ошондой эле өрт өчүрүүчү цистерна айыл жеринде жана тоолуу аймактарда өрттү натыйжалуу өчүрө турган ар кандай узундуктагы 3 тепкич менен жабдылган.