Бүгүн С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар жана климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу” деген темада «Агро Экспо — 2023» жарманкеси ачылып, ага дыйкандар жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, үрөндөрдү, жаңы технологияларды жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү өндүрүүчүлөр катышып жатат.

 

Иш-чаранын ачылышына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, “ТЭС-центр” коомдук фондунун уюштуруу тобунун жетекчиси Бактыгүл Сатыкулова, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстан жана Россиянын айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышты.

«Агро Экспо—2023» иш-чарасында төмөндөгү продукциялар бир аянчага топтолот:

● айыл чарбасындагы ресурстарды үнөмдөөчү технологиялар;
● айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү;
● өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана жер семирткичтер;
● асыл тукум мал чарбасы;
● мал чарбасын өнүктүрүү үчүн продукциялар;
● көчөттөр жана башка жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн табийгый товарлары.

Мындан сырткары, акысыз кеңеш берүүлөр жана агросервистер жөнүндө маалыматтар берилет;

● тармактык конференциялар;
● агрономдун кеңеш берүү аянты;
● мал чарба боюнча эксперттин кеңеш берүү аянты;
● балчылык боюнча эксперттин кеңеш берүү аянты;
● айыл чарба тармагында кирешени көбөйтүүчү кызматтар;
● Финансы жана инвестициялык кызматтар жөнүндө маалыматтар берилет.
Жарманке 2-3-март күндөрү өтөт.