Ишемби күнү күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Талас жана Чүй өрөөнүндө +13…+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14…+19, Ысык-Көлдө +5…+10 жана Нарында -4…-9 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +15…+17 жана Ош шаарында +17…+19 градусту көрсөтөт.