№1 тергөө абагында көз жарган аял коё берилди. Бул тууралуу анын адвокаты билдирди.
Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин өзгөрттү. Ага ылайык, райондук соттун өкүмү ымыркай 14 жашка чыкканга чейин аткарылбайт.
Бала 14 жашка чыккандан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 87-беренеси боюнча эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза башка жеңилирээк түрүнө өзгөртүлүшү же аны өтөөдөн таптакыр бошотулушу мүмкүн.
Белгилей кетсек, буга чейин адвокат Замир Жоошев сот залында жаңы төрөлгөн ымыркайы менен келген аялдын сүрөтүн жарыялаган. Анын айтымында, келин алдамчылыкка айыпталып, кош бойлуу кезинде камалып, ошол жакта 15-февраль күнү көз жарган. Үйүнө күйөөсү менен дагы алты жаш баласы калган.
Ал «Дордой» базарында иштеп, жогорку пайыз менен алган акчасын кайтара албай калганы үчүн 6 жылга кесилген. Жактоочусу өкүмгө макул болбой шаардык сотко даттанган.