Коом

Казакстанда шайлоо цикли аяктап, туруктуу мамлекеттүүлүктү калыптандыруу стадиясына өтүүдө

19-мартта Казакстанда Мажилиске жана Маслихаттарга шайлоо өтөт.  Ошентип, шайлоо цикли аяктап Казакстан туруктуу мамлекеттүүлүктү калыптандыруу стадиясына өтүүдө.

Саясий чөйрө өзгөрдү, ошого жараша элдин пикири, шайлоо процессине болгон мамилеси да өзгөрөт.

 Бул жолку шайлоодо коңшу Казакстан парламентинде кандай өзгөрүүлөр болот? Бул багытта саресеп салып, акыркы жагдайларды эске алып талдап көрдүк.

 19-январда  Касым-Жомарт Токаев парламенттин жетинчи чакырылышынын Мажилисин тараткан.  Токаев ошондой эле “Бардык деңгээлдеги маслихаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.    Реформага ылайык, Мажилисте орундардын саны 107 эмес, 98ге чейин кыскартылды. Ошондой эле шайлоо партиялык тизме боюнча гана тандап, өткөрүлбөйт, анда бир нече партиялар жеңишке жеткенден кийин гана мандат бөлүштүрүлөт.  Эми конкреттүү талапкерлерге добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар.

Алдыдагы шайлоодо Мажилистин депутаттарынын 70%ы партиялык тизме менен, 30%ы бир мандаттуу округдардан шайланат.

Маанилүү жагдай – мамлекет башчынын эч бир партияны жетектөөгө укугу жок.  Эгерде мурда президент чындыгында парламентте эң көп өкүлчүлүккө ээ болгон партияны жетектеп келсе, азыр мамлекет башчысынын формалдуу түрдө ага эч кандай рычагы жок. Мындай көрүнүштү көпчүлүк колдоору анык.

 Саясатка жаңы жүздөрдү жана жаңы идеяларды тартуу, негизги мамлекеттик институттардын курамын диверсификациялоо, аны инклюзивдүү  кылуу үчүн бардык деңгээлдеги мөөнөтүнөн мурда шайлоо Казакстанга керек экенин мамлекет башчысы белгилеп, ал үчүн арбын аракетин серепчилер да баамдайт.

Атаандаштык катуу болот

 Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаттарын шайлоо үчүн бир мандаттуу 29 аймактык шайлоо округу боюнча 609 талапкер көрсөтүлдү: 7 саясий партиядан 79 талапкер, төрт коомдук бирикмеден 5 талапкер, 525 же 86,21% өзүн-өзү көрсөткөндөр.

Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Еркин Тукумов бир мандаттуу депутаттар албетте интрига жана жанданууну алып келет деп эсептейт.

“Жаңы парламент чындап эле бийликтин өкүлчүлүктүү органына айланат деп күтөм.  Бүткүл коом үчүн маанилүү маселелер көтөрүлө турган аянтча экенин айтпасак да белгилүү”, — деди Еркин Тукумов алдыдагы шайлоо тууралуу айтып жатып.

Ал шайлоонун жыйынтыгы менен казакстандыктар кызуу талкуулар жана талаш-тартыштар жүрүп жаткан, мурдакыдан таптакыр жаңы Парламентти көрүшөт деген оюн кошумчалады.

 Ал эми түрк элдеринин Конгресси эл аралык коомдук бирикмесинин президенти Эдил Марлис уулу бул шайлоодо ар кандай жагдай жаралышы мүмкүн экенин эскертет:

“Жалпы божомол өзгөрсө да, шайлоо системасы ошол бойдон калды.  Биз Борбор Азия экенибизди түшүнүшүбүз керек: кайсы жерде шайлоо өтпөсүн, Казакстанбы, Өзбекстанбы же Кыргызстанбы, баары бирдей.  Система көптөн бери өзгөргөн жок.  Мамлекет саясатын, элдин оюн бир күндө өзгөртүү мүмкүн эмес», — дейт Эдил Марлис уулу.  «Анткени, бул кыска мөөнөттүн ичинде ишке ашырылбай турган кардиналдуу реформалар.  Өзгөчө шайлоочулардын менталитетин өзгөртүү үчүн убакыт керек.  Ал эми, шайлоочулар, жалпысынан, буга азырынча даяр эмес.  Буга Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бири да шайлоочуларын даярдаган эмес”.

 Жаңы партиялар жашыл жарыкка ээ

Жаңы парламенттик шайлоо Казакстандын партиялык тармагын сапаттык жактан өзгөртүп, аны атаандаштыкка жөндөмдүү кылат.

Казак саясат таануучусу Казбек Майгелдинов парламенттик шайлоодон кийин мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менен 5 миң тарапкери менен каттоодон өткөн жаңы саясий партиялар келерине ишенет.  Мындай мүмкүнчүлүктү жакында эле Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өткөн 2 саясий уюм колдонду.  Шайлоого жалпысынан 7 саясий партия катышат.

 «Албетте, бул биздин өлкөдө саясий көп түрдүүлүктү өнүктүрүүгө кызмат кылат.  Бул жагынан алганда муну шайлоонун жаңылыгы, өзгөчөлүгү десек болот.  Мындан тышкары бюллетенге “баарына каршы” деген жаңы сап киргизилди.  Өткөн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо да колдонулганын көрдүк.  Жыйынтыгында баарына каршы добуш берген шайлоочулардын үлүшү 5 пайызды түздү.  Бул жарандардын укугу.  Андыктан, саясий партияны же кайсы бир талапкерди дегеле колдобогон жарандар бул укугун алдыдагы шайлоодо пайдалана алышат», — деди Казбек Майгелдинов.

 Жаңы салттарды калыптандыруу үчүн жарандардын активдүүлүгү керек

Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен Казакстан цивилизациялуу саясий салттарды калыптандыруу процессин баштады.

Талапкерлерге жана алардын активдүүлүгүнө караганда, алдыдагы шайлоолор парламенттин төмөнкү палатасынын жаңы жүздөр жана идеялар менен толукталышын камсыздайт.

«Кандай гана реформа болбосун, бир жерден башталып, бара-бара кубулуштардын маңызын, абалын өзгөртөт», — деп эсептейт серепчи Эдил Марлис уулу.

 “Азырынча Казакстандын жетекчилигинин билдирүүлөрүн угуп жатабыз.  Биз концепцияларды, адистер тарабынан даярдалган жаңы иштеп чыгууларды көрүп жатканыбызды айта кетпесек болбойт.  Өлкө жетекчилиги өлкөнүн башкаруусунда да, республиканын өнүгүшү көз каранды болгон процесстерде да ишке ашыруу үчүн жаңы моделди даярдап жатат.  Пландалгандардын баары ишке ашат деп чындап үмүттөнөм.  Бирок, жогоруда айтылгандай, бул убакытты талап кылат.  Бийлик Мажилиске шайлоо аркылуу жаңы партияларды киргизип алса да…”

 Калктын шайлоого жана талапкерлерге карата салттуу талаптарга болгон мамилесин кайра карап чыгууда маанилүү ролду эксперт Казакстандын азыркы жетекчилигинин агартуучулук позициясына жүктөйт.

«Эгер биз Кыргызстандагыдай эле президенттик өлкөнү дароо парламенттик деп атасак, эч нерсе өзгөрбөйт», — деп эсептейт Эдил Марлис уулу.  — Өлкөдөгү саясий кырдаал өзгөргөнүн, аны өнүктүрүү концепциясы өзгөргөнүн элге көрсөтүү керек.   Ошондо гана шайлоочулар өзгөрүүлөр башталганын түшүнө баштайт.  Бул жарым-жартылай болот деп ойлойм.  Парламентте жаңы жүздөрдү көрөбүз.  Мурдагыдан да жаркын спектаклдер болот”.

Казакстан Республикасынын Президентине караштуу стратегиялык изилдөөлөр институтунун улук илимий кызматкери Татьяна Липина шайлоо системасы өзгөргөнүн – ал пропорционалдык-мажоритардык болуп калганын белгиледи.  Демек, эми Мажилистин депутаттарынын дээрлик 1/3 бөлүгүн Казакстан эли түз шайлагандар түзүп, абалкыдай партия менен бажырап келген бай-бардарлар жок болоорун белгиледи.

“Райондордо, республикалык маанидеги шаарларда жана борбордо депутаттар 50/50: жарымы райондордон, жарымы партиялык тизме боюнча шайланат.  Калган калктуу конуштарда маслихаттардын курамы толугу менен райондор тарабынан шайланат.  Башкача айтканда, жергиликтүү калк партияны эмес, конкреттүү адамдарды тандайт. Бул жаңы саясий курамды түзүү үчүн жакшы көрүнүш”, — деп түшүндүрдү Татьяна Липина.

Казакстандагы бул шайлоолордун негизги айырмалоочу өзгөчөлүгү – көз карандысыз талапкерлердин көптүгү.  Бул коомдун демократиялаштырылышынын ачык-айкын далили.

 Шайлоо системасында 2004-жылдан бери биринчи жолу мажоритардык округдар боюнча шайлоо практикасы кайтарылды.  Талапкерлердин тизмесинде буга чейин саясатка тиешеси жок көптөгөн коомдук ишмерлер, активисттер бар.  Алардын арасында азыркы бийликтин айрым демилгелерин ачык сындагандар да бар, бул саясий көз карашына карабай ар кандай адамдарды көрсөтүүдө эч кандай тоскоолдук жок экенинен кабар берет.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев министрлер кабинети менен биргеликте бийликтин аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдарына жаңы жүздөрдү тартууга даяр экенин көрсөттү. 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button