Коом

Видео. ККМге кимдер каршы, алар эмнеге элдин башын айлантып жатышат?

Айрым учурда соодагерлердин көчөгө чыгып, салык саясатына каршы пикирлерин айтып жатканын сиздер дагы көрүп жатсаңыздар керек. Маалыматы жок адам – “салыктын жаңы түрү кирген окшойт?”-деп ойлонушу мүмкүн. Биз сиздерге эч кандай салыктын жаңы түрү кирбегени тууралуу түшүндүрүп берели.

 

Кытай жана башка өлкөлөрдөн ири көлөмдө товар алып келген ишкерлер, алардын салык боюнча мыйзамдарын аткарышат. Башка өлкө тарабынан бажыдан өтүп жатканда салыктарын төлөйт.

Кыргызстан тарапка өткөндө эле тааныш издеп, кирешесин жашырып, салык төлөөдөн баш тартып нааразы болгондор кездешет.

Себеби буга чейин “крыша” таап, ага таянып, акча берип, мамлекетке салык төлөбөй жүргөндөр болгон.

Мындан ары андай “крыша” болууну самагандардын кыялы ишке ашпайт. Кыргыз өкмөтү көзөмөлдү күчөтүп, коррупцияга жол бербейт.  Салык дагы казынага түз түшүп жатат. Анын жыйынтыгында өткөн жылы 209 млрд сомдон ашык акча чогулду. 2021-жылга салыштымалуу 68 млрд сомго көп!

Мурда деле салыктын көлөмү ушундай болчу, бирок мамлекетти тоногондор, уурдагандар, коррупционерлер өздөрү эсепсиз байып, жылына болгону 25-30 млрд гана сом жыйналчу.

ККМ аппараттары – салыктын өз убагында төлөнүшүн гана көзөмөл кылган механизм. Өзбекстан, Казакстан, Россия ж.б кошуна өлкөлөр мурда эле бул системаны киргизишкен.

Жылдык товар жүргүзүүсү 8 млн сомдон ашпаган чакан ишкерлер салык төлөбөйт. Болгону ККМ колдонуп соода кылса болот.

Мамлекет соодагерлерге ККМ аппараттын акысыз берип жатат, каалоочулар салык кызматынан тактап алса болот. Бул дагы мамлекеттин соода кылган жаранга камкордугу.

Ал эми байлар, ири соодагерлер салыкты төлөсүн. Алардын салыкты жашырып жатканын эл көзөмөлгө алып, талап кылып мамлекетке жардам берүүсү керек.

Канчалык салыктан түшө турган каражат ачык, уурдалбай казынага түшсө, карапайым элдин турмушу ошончолук оңолот.

– Пенсия

– Айлыктар

– Пособие

– Социалдык төлөмдөр көбөйөт.

– Миңдеген чакырым жаңы жолдор салынат

– Жүздөгөн жаңы бала бакчалары курулат

– Жүздөгөн заманбап мектептер түшөт.

2020-жылдан кийинки салык саясаты, өлкө башчысынын туура багыт берүүсүнөн кийин көп ийгиликтер болду.

– 53 миллард сомго жаңы аскердик техникалар сатып алынды. Ошол даярдык өз убагында болгон үчүн чек арага басып киргендердин мизи кайтарылды. Эгер мурдагыдай эски техникалар менен тосуп чыкканда эмне болоор элек, аны бир Кудай билет?!

– Жол курган техникалар,

– Тик учактар,

– Куткаруучу техникалар,

– Автобустар,

– Кызматтык унаалар,

– Өрт өчүргүч машинелер биринин артынан бири алынып жатат. Ачыгын айтканда акыркы жолу 2009-жылы өрт өчүргөн техника келген экен, ошо бойдон алынган эмес. Азыр алынып жаткан техникалар шатысы 25 этажга чейин өчүрү мүмкүнчүлүгү бар.

Мамлекет мына ушинтип өнүгөт. Президентибиз аракетин кылып жатат, калганыбыз ар кайсыны айтып, бузукулардын тилине кирбей бир тилек менен колдоп туралы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button