Коом

Кыргызстандын кайсы аймагында жумушсуз адамдар көп?

2023-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда иш издеп жаткан жумушсуз катары тиешелүү органдардын каттоосунда тургандардын саны 98,8 миң кишиге жетти. Бул былтыркы жылдын ушул убагына караганда 0,6 пайызга аз экенин Улуттук статистика комитети билдирди.
Расмий жумушсуздуктун жогорку деңгээли Жалал-Абад (19 744 киши), Ош (17 556 киши) жана Баткен (13 490 киши) облустарында катталган.
Ал эми жумушсуздуктун төмөн деңгээли Нарын облусунда (2 482 киши). Калган аймактар боюнча көрсөткүч төмөнкүдөй:

Бишкек шаары — 6 273;

Чүй облусу — 5 155;

Ысык-Көл облусу — 3 733;

Талас облусу — 3 185;

Ош шаары — 3 065.

Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,3 пайызын аялдар түздү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button