Томография борборлору Бишкектен тышкары Өзгөн, Токтогул, Кадамжай жана Балыкчы шаарларында ачылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына компьютердик томографиялык аппараттарды орнотуу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында биринчи компьютердик томография борборунун ачылыш аземинде билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары саламаттыкты сактоо уюмдарында компьютердик томографиянын аппараттарын орнотуу ар кандай ооруларды аныктоону жана дарылоону бир топ жакшыртып, жалпысынан медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

«Бул тез жана так диагнозго муктаждар үчүн өзгөчө маанилүү. Быйыл аталган долбоордун алкагында өлкөнүн аймактарында: Өзгөн, Токтогул, Кадамжай, Балыкчы шаарларында, ошондой эле Бишкек шаарындагы клиникалык тез жардам ооруканасында томография борборлору ишке киргизилет. Томография борборлорунун кызматтарынын баасы калктын бардык катмары үчүн жеткиликтүү болуп, жеке клиникаларга караганда алда канча арзан болорун белгилегим келет, ошол эле учурда бул объектилер 128 тилке (срез) сапатын камсыз кылат, ушул тапта бардык томографтар 64 тилке менен иштеп жатат», — деп белгиледи ал.

Эдиль Байсалов өз сөзүндө Республикалык диагностикалык дарылоо борборуна заманбап томографияны киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи, ал 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына акыркы инновациялык технологияларды жана медициналык жабдууларды, электрондук медициналык маалыматтык системаны киргизүү, эң талап кылынган медициналык жана диагностикалык кызматтарды уюштуруу максатында өткөрүлүп берилген.

«Ошол эле учурда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына өзгөчө статус берилди. Жогорку технологиялык компьютердик томографияны ишке киргизүү бул жогорку окуу жайынын алдына коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууга көмөктөшөт. Өз тарабынан Министрлер Кабинети мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин колдонуу аркылуу калкты жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашырууну улантат», — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.