Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын эки тургунунун жалпысынан 5 баш ири мүйүздүү малдары кароосуз жүрүп, Ганжак участкасы менен чектешкен Тажикстан Республикасынын Исфара районунун Гулистан айылына 2023-жылдын 26-март күнү кирип кеткен.


Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсү менен Согди облусунун Исфара РИИБдин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2023-жылдын 28-март күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен 5 баш бодо малы кайтарылып, өз ээлерине тапшырылды.
Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган.

 

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы