Саясат

Садыр Жапаров Россияга расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Россияга расмий сапар менен барат. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы бүгүн Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алган. Жолугушуу Бишкекте өткөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 24-жыйынынын алкагында өттү.
Жапаров аталган жыйындын жыйынтыгы эки тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгын тереңдетүүгө өбөлгө болоруна ишенимин билдирген.
Өз кезегинде Оверчук Кыргызстан менен Россияны өнөктөштүк жана ишенимдүү бекем мамиле бириктирип турганын, Садыр Жапаровдун РФке күтүлүп жаткан расмий сапары эки өлкөнү мындан да жакындашуусуна өбөлгө болорун белгиледи.
Аны менен катар Кыргызстанда курула турган 9 мектептин долбоору тууралуу айтып берди. Маалыматка ылайык, жаңы жалпы билим берүү жайларынын бүтүрүүчүлөрү эки өлкөнүн аттестаттарын алышат. Заманбап мектептер төрт корпустан туруп, административдик, спорттук, башталгыч класстар үчүн жана өзүнчө жогорку класстар үчүн болот. Окуу комплекси заманбап техника менен жабдылып, оюн аянтчасы, бассейндер жана спорт залдары болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button