«Чакан ГЭСтин» жетекчилеринин бири 150 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Белгиленгендей, УКМК тарабынан энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын жана козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында өлкөнүн энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын бети ачылды. Анда, «Чакан ГЭС» ААКнын жооптуу адамдары тарабынан курулуш иштери боюнча тендерлерди өткөрүүдө аткарылган иштердин сапатына зыян келишине карабай  алдын ала пара («откат»)  алышкан.

«Чакан ГЭС» ААКнын жетекчиси жеке ишкерлерден системалуу түрдө түзүлгөн келишимдин суммасынан 10% өлчөмүндө акча каражатын пара («откат») түрүндө талап кылганы, эгерде андан баш тартса, жеке компаниялар тарабынан аткарылган иштер үчүн акча каражатын төлөөнү кечеңдетүү менен коркутканы аныкталды.

«Атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 150 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен А.М. кармалган», – деп белгилели УКМК..

Алынган далилдердин негизинде А.М Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.