Президент Садыр Жапаров үч улуттук борбордо балдарды дарылоодо дары-дармекке акча албоону тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, мындай тапшырманы мамлекет башчысы бүгүн Бишкектеги бир катар медициналык мекемелерди пландан тышкаркы текшерүү учурунда саламаттык сактоо министрине жана ооруканалардын жетекчилигине берди.

«Бүгүн бир катар ооруканаларга күтүүсүз барып текшерүүсүнүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Улуттук онкология жана гематология борборунда (онкологиялык оорукана), Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда (балдар ооруканасы), Улуттук фтизиатрия борборунда (кургак учукка каршы оорукана) бейтаптардын ата-энелери жана туугандарынан оорулуулар үчүн дарыга акча каражатын албоону тапшырды», — деп билдирди Султанбаев.