Жалпы өлкө боюнча «Менин үйүм — 2021-2026» программасына ылайык, 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй-бүлө турак жай менен камсыз болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Facebook социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Президенттин маалыматына ылайык, өткөн жылы жаңы 42 мектептин курулушу аяктап, 11 мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өттү.

«»Мектеп салбаган өлкөлөрдө түрмөлөр көбөйөт» деген сөз бар эмеспи. Өткөн жылы жаңы 42 мектептин курулушу аяктап, 11 мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өттү.
Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 204 мектептин курулушу пландалып, жыл аягына чейин анын 100дөйүн бүтүрүү күтүлүүдө.
Ал эми түрмөлөр жөнүндө кеп кыла турган болсок, былтыр 47-колонияны Молдовановка айылына көчүрдүк.
Анын ордуна болсо кичи район салынып жатат. Кудай буюрса, бир жарым жылдан кийин бүтөт. 5500 үй- бүлөгө Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу 20 жылдык мөөнөт менен ипотекага турак-жай беребиз.
Мындан сырткары Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарында көп кабаттуу үйлөрдү салып жатабыз. Башка облус, район, шаарларга дагы долбоорлор даярдалып жатат.
Аларды дагы МИК аркылуу кезекте турган жарандарыбызга беребиз.
Мамлекеттик кызматкерби, мигрантпы же жөнөкөй ишкерби — айырмасы жок. Кыскасы, жалпы өлкө боюнча «Менин үйүм — 2021-2026» программасына ылайык, 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй- бүлөнү турак жай менен камсыз кылабыз.
Кийинки жылдарда Бишкектеги номер биринчи тергөө абагын дагы калаа сыртына көчүрөбүз. Ал жерге дагы кичи район түшөт. Аракеттерибизди сөз менен эмес, иш менен көрсөтөбүз» — деп жазган Садыр Жапаров.