Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган адамзаттын тагдырын чектеген азыркы тартиптин жеткилеңсиздигинен улам БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоого чакырды. Бул тууралуу Эрдоган Анкарада мусулмандардын ыйык Рамазан айына карата борбордо аккредиттелген чет мамлекеттердин элчилери үчүн уюштурулган иш-чарада билдирди, деп жазат Anadolu.

«Бүткүл дүйнөнүн тагдырын беш өлкөнүн оозуна камап турган азыркы тартип туруктуу эмес. БУУнун Коопсуздук Кеңешин камтыган жана ар тараптуу түшүнүү менен реформалоо зарыл», — деди Эрдоган.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсү — Улуу Британия, Кытай, Орусия, АКШ жана Франция. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 2022-жылдын март айында БУУнун Коопсуздук Кеңеши реформаларга муктаж экенин айткан. Декабрда Индия Коопсуздук Кеңешин реформалоону жактап, Латын Америкасынын, Африканын жана Азиянын өлкөлөрүн кошууну талап кылган. Февраль айында Жапониянын Тышкы иштер министрлиги Коопсуздук кеңешин реформалоо зарылдыгын айтып, ошондой эле Орусияны Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү статусунан кыянаттык менен пайдаланып жатат деп айыптаган.