Саясат

Зеленский жубайы менен Польшага келди

Украинанын президенти Владимир Зеленский жубайы Елена Зеленская менен Польшанын чек арасын кесип өткөнүн Польша президентинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси  Марцин Пжидач билдирди.

Маалыматка ылайык Зеленский бүгүн, 5-апрелде  Варшавага барат.

«Президент Зеленский Польшанын чек арасын кесип өттү деп айта алам», — деди   Марцин Пжидач жергиликтүү TVN24 телеканалына.

Владимир Зеленский Польшанын президенти Анджей Дуда менен жолугуп, ошондой эле өлкөдө жашаган поляктар менен украиналыктарга сөз сүйлөөрү күтүлүүдө. Бул сапар президенттин чет өлкөгө үчүнчү жана орусия менен согуштук аракеттер башталгандан бери биринчи сапары болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button