Дарыгер Роман Иванов RT телеканалына берген маегинде кене чаккан учурда эмне кылуу керектигин айтып берди.

Эксперт кене аркылуу жугуучу инфекциялардын эң коркунучтуусу энцефалит экенин эске салды. Оору мээ менен жүлүндү жабыркатат, нерв системасынын иштешин бузуп, өлүмгө алып келиши мүмкүн.

«Энцефалитке каршы колдонуунун ар кандай схемалары менен бир нече вакциналар бар. Көбүнчө биринчи эмдөө суук мезгилде, кенелер активдүү эмес болгондо, экинчиси бир айдан жети айга чейин жүргүзүлөт. Бирок шашылыш түрдө эмдөө да мүмкүн: эки доза 30 күндүк интервал менен дары. Кандай схема боюнча эмдөө жасалганына карабастан, энцефалитке каршы эмдөөдөн кийинки иммунитет үч жылга созулат», — деп түшүндүрдү адис.

Иванов белгилегендей, адам энцефалитке каршы эмдөө алган күндө дагы боррелиоз, ошондой эле эмдөө жок эрлихиоз, анаплазмоз – кене аркылуу жугуучу инфекцияларды жуктуруп алуу коркунучу бар.

«Боррелиоз, же Лайм оорусу — бул тез өнөкөткө айланып, териге таасир этүүчү, жүрөк жана муундар менен көйгөйлөрдү жаратуучу, көбүнчө нерв системасынын иштешинин бузулушу менен байкалган бактериялык инфекция», — деди дарыгер.

Кенелерден сактануу үчүн  атайын коргоочу каражаттарды жана ачык түстөгү кийимдерди колдонсоңуз болот, бул учурда курт-кумурскалар ачык түстөн бат байкалат.

«Жөө басуу учурунда жана андан кийин кийимди жана денени текшерүү сунушталат. Эгер кене чаккан болсо, тезирээк ооруканага баруу же өзүңүз алып салууга аракет жасаңыз. Ал үчүн пинцет менен кармап же манжаларыңызды эки катмар дакиге ороп, аны териден акырын чыгарып, эзбөөгө аракет кылыңыз. Кенени изилдөө үчүн жабык идишке алыңыз», — деп түшүндүрдү эксперт.

Кенени лабораторияга берүү мүмкүн болбогон учурларда, чаккандан он күн өткөндөн кийин анализ үчүн кан тапшыруу сунушталат.