Кеңеш

Чагылгандан кантип сактануу керек. Маанилүү эрежелер

Күн күркүрөп, чагылган түшүп жаткан учурда электр зымдарынан алыс качыңыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба-ырайында көп катталуучу чагылгандан сактануу үчүн бир катар маанилүү эрежелерди сунуштайт.

Күн күркүрөп, чагылган түшсө:

▶эгерде сиз айылда болсоңуз: терезелерди, эшиктерди, морлорду жана желдетүү тешиктерин жабыңыз. Мешке от жакпаңыз, анткени меш түтүгүнөн чыккан жогорку температурадагы газ чагылганды өзүнө тартат. Телефон менен сүйлөшпөңүз, электр мамычалардын ортосунда созулган зымдарга чагылган тиет;

▶чагылган түшкөндө электр зымдарына, антенналарга жакындабаңыз, терезенин жанында турбаңыз, чагылган түшчү белгилер пайда болсо, телевизорду, радиону жана башка электр приборлорун тез арада өчүрүңүз;

▶эгерде сиз токойдо болсоңуз, анда токойдун ачык аянтына шашылыңыз. Бийик бактардан, өзгөчө карагайдан, эменден, теректен алыс болгонуңуз дурус;

▶суу объектисинде же анын жээгинде калбаңыз. Жээктен алыстап, бийик жерден ойдуңга түшүңүз;
талаада же баш калкалоочу жай жок болсо, бүт денеңизге электр тогун тийгизип, жерге жатпаңыз, ал эми ойдуңда, сайда же башка табигый ойдуңда бутуңуздарды кучактап чөгөлөп отуруңуз;

▶эгер спорт менен машыгып жатканда чагылган башталса, дароо токтотуңуз. Металл буюмдарды, мотоцикл, велосипед, муз кесүүчү буюмдарды четке коюп, алардан 20-30 метр алыстыкка жылыңыз;

▶автоунаада отурганда күн күркүрөсө, аны таштап кетпеңиз, терезелерди жаап, радиоантеннаны түшүрүңүз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button