Жарандык активист, Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Бурулсун Бабашеванын балдардын келечеги, тарбиясы, технологиянын бат өнүгүп жатышы, балдарга болгон оң жана терс таасирлери тууралуу ой бөлүшкөн. Автордун пикирин өзгөртүүсүз беребиз.

Бизге билинбеген, бирок күн сайын эмес, саат сайын өөрчүп бара жаткан трагедия жөнүндө:

Ар күн сайын терс маалымат окумайын турбайбыз: бир жерде окуучу мугалимге каяша айтып, же кол көтөргөн, бир жерде педофилдик аракет болгон, бир жерде өспүрүм өз жанын өзү кыйган, бир жерде өз баласын таштап кеткен, бала мектептен качкан, үйүнөн чыгып кетип, табылбай, издөөдө жүрүп, кайра табылган ж.б.у.с. маалыматтар жайнайт. Чынында, азыркы өсүп келе жаткан балдарды карап туруп, коркуп кетем!!! Анан өзүм төрөп, чоңойткон балдарым менен салыштырам. Мен кандай тарбияладым эле, азыркы эне кандай тарбиялап жатат? – деген толгонуу пайда болот.

А азыркы өсүп келе жаткан балдар – келечек ээлери да!!! Ушул бойдон калышса, келечек кандай болот?

Азыркы балдарды ашыкча эмоционалдуу, гиперактивдүү, энергияга бай дейбиз. Муну мен өзүм деле алгач ичип жеген тамак аштан көрчүмүн. Бардык жасалма, тез быша турган дарылар кошулуп өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди жеген балада энергия ашып-ташып турат деп ойлочумун. Бара-бара байкап көрүп, жок, андай эмес экенин түшүндүм. Көрсө, өзүбүз туура эмес тарбия берип жатыптырбыз. Күнөө так ата-эненин өзүндө экен!!!

Биринчиден, азыркы ата-эне балага жетиштүү көңүл бөлөбү? (Албетте, алыс жакта иштеп жүргөндөрдү күнөөлөбөйм, алардын ордуна жакын туугандары бар да!);

Демек, балага көңүл буруу жетишсиз! Ар бир бала көңүл бурууга муктаж!!!

Көңүл бурулбаган соң, аны үйдөн мурдагыдай жомок окуп берүү, же жомок айтып берүү менен анын ойлоо жөндөмүн көндүрүүгө, толеранттуулукка, маданияттулукка, ынтызарлыкка, чыдамкайлыкка, сөз баалоого, кеп маданиятын калыптандырууга, китепти сүйүүгө, окууга ынтызарлануусун тарбиялоого эч мүмкүн эмес. Азыркы бала жомокко ишенбейт дейсиздер. Ишенет!!! Аны кичинесинен көндүрүү керек. Жомоктун бардыгы кандай аяктайт? Албетте, бардыгы жакшы сюжет менен аяктайт. Ошондуктан, ар дайым чындык, адилеттик жеңерин ошо жомок аркылуу көндүрүп, аны чынчыл болууга, адилет болууга тарбияласа болот!

Азыркы бала бир орунда отура албайт. Ал эми китеп окуп берүү менен, анын бир орунда чыдап отуруусуна көнүктүрүүгө болот.

Балдарга мурдагыдай акыл-насаат айтылбай калды. Акыл-насаат укпаган бала, сырттан, интернеттен туура эмес сөздү көп угат, аракеттерди көрөт, анан ошону кабыл алып, ошого көнөт, ошого сугарылат. Башкача айтканда, жок нерсенин орду башка нерсе менен толтурулат!!!

Баланы кичине кезинен эле ишке көндүрчүбүз. Азыр окуучу пол сүртүп койсо, техничкага акча төлөнүп жатат деп кыйкырып чыгабыз. Ошо 15 мүнөтүбүздү коротуп пол жууганыбыз менен, биринчиден, өз эмгегибизди да, бирөөнүн да эмгегин баалаганга үйрөнчүбүз. Экинчиден, эмгекчилдикке, коллективизмге, жоопкерчиликке калыптанчубуз. Андан эч кимдин колуна кир жугуп калбайт!!! Үчүнчүдөн функционалдык милдеттерди ажыратып алып, иштөөгө көнүктүрчү (Кыздар – пол жууйт, балдар суу алып келип берет, анан парталарды жылдырып беришет. Бул кийин үй-бүлө курганда да ар биринин функционалдык милдетин түшүнүүгө түрткү берчү).

Балдарга көңүл буруу менен, аларга ылайык тамак жасап берүү (бул да өтө маанилүү милдет). Балдарга үйдөн тамак жасап бербей, бош убакытта телефон тиктеп отура берүүнүн натыйжасында, алар көчөдөн фастфуд жегенге, кола ичкенге көнүп бара жатышат. Алардын натыйжасы эмнеге алып келет? Албетте, боор ооруга, анын кесепетинен боор ооругандардын саны арбып бара жатат.

Балага көңүл буруунун ордуна, өз жанынын тынчтыгына карап телефон кармата коюп жатышат. Бала андан эмне пайда алат (Албетте, дүйнө тааным боюнча маалымат алат. Бирок, чеги менен карматуу керек). Телефон тиктеген бала уйкудан да калат, ошентип уйкусу бузулат, баш ооруга, көз ооруга чалдыгат. Керек болсо, телефонго көз каранды деген ооруга чалдыгат (кумаркеч). Андан жаман нерселерди көрүп, үйдө, көчөдө ошону кайталайт.

Телефондун азабынын балдар сыртка чыгып ойнобой калды. Демек, таза абада дем алуу, оюн менен кошо денени машыктыруу деген жоголуп бара жатат. Таза аба жок болсо, витаминдердин жетишсиздиги, түрдүү жыттарга, тамактарга, жаратылыш кубулуштарына аллергия башталат.

Биздин учурдагыдай кол эмгек сабагы өтүлбөйт. Кружоктор жок. Компот, варенье жасаганды, сайма сайганды, кийим тиккенди, кийиз менен иштөөнү, эркек балдар устачылыкты — жыгач менен иштөөнү кол эмгек сабагынан үйрөнбөдүк беле? Мунун бардыгы баланы чыгармачылыкка, чыдамкайлыкка, натыйжага жетүү үчүн эмгектенүүгө үйрөтөт эле го? Ушундай сабактар аркылуу мугалим-окуучу ортосунда эркин мамиле болуп, биринчиден, турмушта тажрыйбасында иш жасай алуусуна үйрөтсө, экинчиден, мугалим менен окуучунун ортосундагы мамилени чыңдамак, мугалимге болгон сый урмат калыптанмак!!! Балдар беш мүнөттүк же бир сааттык кызыгууга каныкпай, өмүр бою турмушуна керектүү нерселерге, өз алдынча иштөөгө, жоопкерчиликти сезе билүүгө, жолдошуна жардам бере билүүгө, чыгармачылыкка, кол өнөрчүлүккө көнүкмөк! Азыр мык кага албаган, розетка оңдой албаган эркектер толуп бара жатат!!!

Ата-эне өз тынчтыгына карап, баланы оюна коюп койбой, ата-энелик парызын билиши керек!!!! Чек кое билүү керек! Эркин коюу менен, аларды эркеликке, жок деген нерсени билбей калууга көнүктүрүп жатат!!!

Талашып чырылдап ыйласа, каалаганын алып бере салбай, ошо жинин тыйганга, аны менен бирге напсисин тыйганга көнүктүрүү зарыл!!

Келечек кандай болот??? Кеч боло электе ойлонушубуз керек!!! “Убакыт жетишпейт эмес”, ата-эне өзү жалкоо болуп бара жатат! Ата-эне эртеден кечке иштеп келип чарчайт дейсиздер, а ата-эне баласы үчүн бардыгына даяр деген түшүнүк кана!!! Канчалаган келин 8-10 балалуу бүлөгө келин болуп барып, ошончо адамдын тамак-ашын жасап, кир-когун жууп, үйдү тазалап, анан баласына да көңүл буруп, тарбиялап, бардыгына эле жетишип эле келбеди беле!!!! Эмне айырма бар? Мезгилдер аралыгындагы эле айырма болбосо, бардыгы бирдей эле жан да!!! Кеч боло электе ар бир жаш ата эне баласынын кылык жоругун көз алдынан өткөрүп, мына азыртан баштап алгач өзүн, анан баласына тарбия берүүсүн өзгөртпөсө, болбойт!!! Уятсыз, ташбоор, жеңил ойлуу, ач көз, жоопкерчиликсиз муунду жаратып коюп жүрбөйлү!!!! Эртең бардыгыбыз карыйбыз, ошондо жалаң карылар үйү салынып калып жүрбөсүн??? КЕЧ БОЛО ЭЛЕКТЕ ОЙЛОНОЛУ!!!!