Коом

Бүгүндөн тарта Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу газ өчөт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу “Кыргызстан Газпром” ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-апрелден 19-апрелге чейин Бишкек шаарынын Садыгалиев-Волков дареги боюнча жайгашкан төмөнкү басымдагы газ өткөргүчкө кайрадан курулган газ өткөргүчтү кошуу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Оңдоо иштерине байланыштуу Волков, Ден Сяопин, Патриса Лумумба, Владимировская көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт.

“Кыргызстан Газпром” ишканасы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button