Фрунзе токой чарбасынын 5 гектар аянтына 2 миң 500 түп мисте көчөтү отургузулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Көчөт отургузуу иш-чарасына «Дос-Кредобанк» банкынын 100 кызматкери, Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратынан 20 кызматкери, Токой кызматынан 30 кызматкер жана Фрунзе токой чарбасынан 20 кызматкер катышты.

Көчөттөр “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында тигилген.