КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Салык кызматынын 10 инспектору коррупцияга шектелип кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору коррупцияга шектелип кармалды, деп билдирет КР УКМКнын маалымат кызматы.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин тобу жеке кызыкчылыгын көздөп, чарба жүргүзүүчү субъекттердин өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүп алып, салыктын суммасын атайылап азайткандыгы, 100 миллион сомдон ашык салык төлөөчүлөрдү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төлөнүүгө тийиш болгондугу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин назарына түшкөн.

Келип түшкөн материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Мамлекеттик салык кызматынын 10 инспектору камакка алынган, аларга тиешелүү айып тагылып, сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык адамдарды жана мамлекетке келтирилген так зыянды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу КР УКМК коомчулукка маалымдайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button