Россия Федерациясынын Маданият министрлигинин демилгеси менен А.А. Брянцев атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын эл аралык театралдык фестивалынын алкагында, Свердлов атындагы мамлекеттик академиялык драма театры Кыргызстанга келет.

Аталган театр 18-апрель күнү, саат 19:00до М.Горькийдин “Железнова Васса Мать” спектаклин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында тартуулайт.

Койгон режиссеру:  Уланбек Баялиев.

Баарыңыздарды театрдан күтөбүз! Билет баасы 500 сомдон 1000 сомго чейин.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын 4-апрелинен 11-майына чейин А.А. Брянцев  атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын эл аралык театр фестивалы долбоорун ишке ашырат. Анын алкагында ар кандай жылдардагы бул абройлуу Санкт-Петербург фестивалынын мыкты спектаклдери көрсөтүлөт. Долбоор Россия Федерациясынын Маданият министрлигинин колдоосу менен өтүүдө.

Долбоордун максаты – Россиянын, анын региондорунун жана чет өлкөлөрдүн салттуу маданий байланыштарын өнүктүрүү жана чыңдоо. Көчмө фестиваль аркылуу мамлекеттер арасында  маданий достук алаканы бекемдөө болуп эсептелет.

А. А. Брянцев атындагы жаш көрүүчүлөр театры тарабынан мындай фестивалдык долбоорлор Эстониянын Таллин, Пярну жана Йохве шаарларында (2010, 2011, 2014 жылдары), Крымдын Ялта жана Симферополь шаарларында (2015-ж), ошондой эле Франциянын Авиньон шаарында (2016-ж) тартууланып, көрүүчулөрдүн купулуна толуп,  аталган шаарлардын маданий турмушундагы көрүнүктүү окуялардан болуп калды.

А.А. Брянцеважаш көрүүчүлөр  театрынын көчмө фестивалы 2023-жылдын апрель-май айларында Кыргызстандан ташкыры  Казакстанда, Өзбекстанда жана Арменияда өтөт, – деп айтылат Маданият жана маалымат министрлигинин Басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.