Коом

Мэрия комментарий берди. Бишкектеги №1 мектептин окуучу-мугалимдеринин митинги

Бишкек мэриясы А.Каниметов атындагы №1 мектеп-интернатынын алдында окуучулар менен мугалимдердин митинге чыгышы боюнча комментарий берди.

Маалыматка ылайык, мектеп-интернаттын ишмердүүлүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча мугалимдер, Бишкек шаардык прокуратурасы жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусунун негизинде Билим берүү башкармалыгы тарабынан ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүү учурунда тамак-аш уюштурууда одоно мыйзам бузуулар, кадрдык жана уюштуруучулук иштерге бирдиктүү иштин жоктугу аныкталган. Жыйынтыгында шаардык мектеп-интернаттарда балдардын жашоосу жана билим алуусу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу, окуучуларды усулдук жана социалдык жактан колдоонун бирдиктүү формасын түзүү жана башка шарттарды түзүү максатында №1 мектеп-интернатын №71 мектепке кошуу жолу менен кайра уюштуруу чечими кабыл алынды. Анын аталышы “Тоголок Молдо атындагы Бишкек мектеп-комплекси” деп өзгөрөт.

Мэрия №1 мектеп-интернатын мугалимдери менен буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келгендигин жана бүгүнкү күндө алардын жашаган жери, ээлеген кызмат ордун эске алуу менен башка мектептерге иштөө сунушталып жатканын кошумчалады.

“Аталган мектептин мурдагы директору Матканова Н.С. бир нече одоно бузуулары үчүн Эмгек кодексинин №83 беренеси боюнча кызматтан алынган. Мындан тышкары, ал өзүм билемдик менен интернаттын аймагындагы имаратты басып алган, ал жерден аларды күч менен чыгарууга туура келген. Ошондой эле ал документтерин, иш бөлмөсүн тапшыруудан баш тартып, убактылуу директордун милдетин аткаруучунун ишине тоскоолдуктарды жараткан”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, интернет тармагына №1 гимназия-интернатынын мугалимдер жамааты жана мектеп окуучулары жаңы директорго каршы митингге чыкканы тартылган видео тараган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button