Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттеги тармактык комитеттердин төрагалары менен жыйын өткөрдү.

ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдиргендей жыйынга президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов да катышты.

Мыйзамдарды кабыл алууда комитеттердин ролу жогору экенин белгилеген төрага Нурланбек Шакиев: “Алгач алардын ишин жакшыртуу менен жалпы парламенттин аброюн арттыра алабыз. Себеби, бардык маселе биринчи тармактык комитеттерде талкууланып, андан кийин жалпы жыйында каралат. Андыктан, ар бир мыйзам долбоору комитеттерде терең изилденип, коомго тийгизген таасири так аныкталгандан кийин гана жалпы кароого чыгарылышы керек”, – деди.

Андан тышкары, тармактык комиттерди министрлер кабинети менен тыгыз иш алып барууга чакырган төрага ошондо гана ырааттуу жумуштар жасалып, парламенттин да, аткаруу бийлигинин да иши алдыга жыларын кошумчалады.

Муну менен катар жыйында комитеттердин төрагалары каралып жаткан маселелер жана пландар боюнча учкай маалымат беришти.

Алсак, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова жакынкы аралыкта Акыйкатчынын отчету караларын айтса, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Улан Примов мамлекеттер аралык айрым макулдашууларды ратификациялоо маселесине токтолду.

Жыйынтыгында төрага Нурланбек Шакиев жума сайын ушундай жыйындар салттуу түрдө өтүп турарын билдирди.

Эскерте кетсек, азыркы тапта парламентте 8 тармактык комитет иш алып барат.