Казакстандын Коргоо министрлиги 24-апрелде Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө (7-май) жана Жеңиш күнүнө (9-май) арналган аскердик парад чыгымдарды үнөмдөөгө байланыштуу өткөрүлбөй турганын билдирди.

«2023-жылы Казакстанда аскердик парад өткөрүү бюджетти үнөмдөөгө, ошондой эле башка көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгына байланыштуу пландалган эмес. Атап айтканда, Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдыгын жана мобилдүүлүгүн талап кылынган деңгээлде кармап туруу артыкчылыктуу болуп саналат», — деп билдирди Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Ошону менен бирге алдыдагы майрамдарга карата аскердик-патриоттук иш-чаралар пландалып, өткөрүлүп, өзгөчө айырмаланган аскер кызматкерлерине сый-урмат көрсөтүлүп жатканын белгилешти.

Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон казак жоокерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу, алардын эрдиктерин массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу боюнча иштер уюштурулган.

«7-9-майга чейин башка иш-чараларды өткөрүү боюнча кеңири маалымат жакынкы аралыкта министрликтин сайтында жарыяланат», — деп билдирди Коргоо министрлиги.

2022-жылы да Казакстанда Жеңиш жана Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган аскердик парад өткөн эмес. Өлкөнүн Коргоо министрлиги мындай чечимди бюджеттик каражаттарды үнөмдөө каалоосу менен түшүндүрдү. Акыркы жолу Казакстанда 7-майда аскердик парад 2018-жылы, 9-майда 2019-жылы өткөн. 2020 жана 2021-жылдары коронавирустук инфекциянын жайылуу коркунучунан улам эч кандай окуялар болгон эмес.