Коом

Германиядан келген ишкерлер Оштогу бир катар ишканаларды кыдырышты

Германиядан келген ишкерлер Ош облусунун бир катар ишканаларын кыдырып, ата мекендик өндүрүүчүлөргө бизнес-өнөктөштүктү сунушташты. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бизнес делегациянын өкүлдөрү Ош жана Жалал-Абад облустарынан 50дөн ашык ишкер менен жолугуп, өз кызматтары тууралуу кеңири маалымат беришкен.

Эске сала кетсек, учурда Германиядан келген делегация Кыргызстанда жүрөт, анын курамында ири бизнес өкүлдөрү бар.

Бишкекте бизнес-форум уюштурулуп, түштүк регионунда болсо меймандар өздөрүнүн компанияларынын бет ачарларын өткөрүштү жана товарларды экспорттоо жана импорттоо боюнча эки тараптуу өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Немис делегациясы, ошондой эле Кыргызстандын фермерлерин сүт азыктарын кайра иштетүү жаатында окутууну уюштуруу ниетин билдирди. Германия Айыл чарба, химия өнөр жайы, текстиль, жеңил өнөр жай, автомобиль өнөр жайы, тоо-кен өнөр жайы, логистика, соода, станок жана жабдуулар жана башка тармактарда кызматташууну сунуш кылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button