Бүгүн, 1-майда Баткен шаарында кыз-келиндер жана эркектер арасында чуркоо боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Спорттук иш чара калк арасында сергек жашоо образын калыптандыруу максатында 1-май эмгекчилердин Эл аралык майрамына жана Кыргыз сомунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулду.

Иш чара КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Баткен облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Улуттук Банктын Баткен облусундагы филиалы жана ЮСАИДдин “Мыкты азыктануу долбоору” менен биргеликте өттү.

Мелдешке 300гө жакын спорт сүйүүчүлөр катышып, жеңүүчүлөргө медалдар, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.