Коом

Май айындагы майрамдарда беш миңден ашуун милиционер тартылат

Май айындагы майрамдарда, 1-10-май күндөрү, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кызматкерлер элдин коопсуз эс алуусу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрөт. Массалык иш-чаралар өтчү жерлерде милициянын нөөмөтү каралган.

Өзгөчө маанилүү объектилер күчөтүлгөн тартипте кайтарылмакчы.

Майрам күндөрү республика боюнча жарандардын коопсуздугун камсыздоого беш миңге жакын милиция кызматкери тартылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button