Коом
Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттам ачылды
Ысык-Көлдөн Москвага үзгүлтүксүз авиакаттамдар ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту ААКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Россиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы үстүбүздөгү жылдын 2-майынан баштап Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдары аткара баштады.
«Ысык-Көл» аэропортунан Москванын «Шереметьево» аэропортуна авиакаттамдар жумасына 3 жолу — шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.