Бишкек шаарында рассалык, этностук, улуттук, диний аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип тиктокер кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлады.

Маалыматка караганда 2-майда социалдык тармактарда кармалган 1991-жылы туулган К.К. аттуу жарандын видеосу тараган.

Укук коргоо кызматкерлери анын баракчасына мониторинг жүргүзүп, улут аралык кастыкты козутуучу видеолорун аныкташкан.

Тийиштүү материалдар топтолуп, кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылат.