Коом

Өлкөдө көп кабаттуу имараттардын сапаты текшерилет

Министрлер кабинетинин тескемеси менен курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Түркиянын аймагында болуп өткөн акыркы жер титирөөлөрдү, ошондой эле дүйнөдөгү континенттик плиталардын жылышын эске алуу менен кабыл алынды, анын натыйжасында Кыргызстандын аймагында айрым процесстер жана кубулуштар активдешип кетиши мүмкүн.

Документке ылайык, ведомстволор аралык комиссияга үч айлык мөөнөттө өлкө аймагындагы көп кабаттуу курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү жана анын жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетине маалымат берүү тапшырылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button