Армян полициясы Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын уулу Ашот Пашинянды барымтага алуу аракети тууралуу билдирүү алды, деп жазат армян маалымат каражаттары.
«Тийиштүү чаралар көрүлүп жатат. Толтурулган документтер Тергөө комитетине жөнөтүлөт», — деп билдирди полиция Panorama.am сайтына.
Буга чейин «Хайкакан Жаманак» гезити өз булактарына таянып, 17-майда саат 15:00дөр чамасында Ашот Пашинянды үйүнүн жанынан барымтага алуу аракети болгонун жазган.