Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы фитир-садаканын эсебинен жардамга муктаж жарандарга 2 млн 840 миң сом таратты. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, чогулган каражаттын 1 млн 152 миң сому операция боло турган бейтаптарга жана майыптарга берилсе, калган 940 миң сом жетимдерге тапшырылды.

«Бул өлкөнүн булуң-бурчундагы момун-мусулмандар тарабынан топтолгон битир-садага. Аманаттарды өз дарегине жеткирүүгө аракет кылдык. Кудай таала битир-садага берүүчүлөрдөн ыраазы болуп, ибадаттарын кабылдап, эки дүйнөнүн жакшылыгын берген болсун. Ал эми бүгүн алуучу кол болуп тургандарга Алла Таала жеңилдик жана береке берип, учуру келгенде башкаларга жардам бере туран деңгээлге жетүүнү насип кылсын. Ооруп жаткандарга шыпаа, оор абалдагыларга жеңилдик, элибизге амандык, Мекенибизге тынчтык берсин», – деди муфтий Замир кары Ракиев.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы өлкө боюнча 54 млн сом фитир-садака топтолгон. Жыйналган каражаттын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерге, 15 пайызы хатибияттарга, 15 пайызы казыяттарга, калган 10 пайызы муфтиятка бөлүнгөн. Жогорудагы каражаты Муфтиятка бөлүнгөн 10 пайыз фитир-садаканын эсебинен берилди.