Коом

Ишкер Кундуз Кокочорова Алайдагы аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам берди

Алай районунда жеке ишкер Кундуз Кокочорова аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам берди. Бул тууралуу аталган райондун тургундары билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аталган районудун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө болгон элдик жыйында айыл тургундары тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөгө көмөк көрсөтүү, жер участогун бөлүп берүү жана кошумча жардамдарды көрсөтүү максатында жыйында маселе көтөрүлгөн.

“Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясы тарабынан аталган маселени чечүү максатында демөөрчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында жеке ишкер Кокочорова Кундуз Курманбековна колдоо көрсөтүп, Рысмамат Самиевдин үй бүлөөсүнө бир саан уй торпогу менен алып берди. Андан сырткары айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте аталган үй бүлөөгө айыл өкмөттүн аймагынан жеке турак жай куруу үчүн 6 сотых жер бөлүнүп берилди.

Жеке ишкер айым буга чейин дагы ар түрдүү иш чараларды колдоп, тыгыз иш алып барып, райондогу болуп жаткан ар түрдүү иш-чараларга көмөк көрсөтүп келет. Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясы демөөрчүлүк кылып, аз камсыз болгон үй бүлөөгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн жеке ишкер Кокочорова Кундуз айымга терең ыраазычылыгын билдирет”, — деп айтылат маалыматта.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button