Бишкекте суу колдонуу боюнча абоненттердин саны жети пайызга өсүп, 270 342ни түздү (былтыр 263 286 болчу). Бул тууралуу мэрия билдирди.

«Ошол эле учурда абоненттердин таза сууну пайдалануусу да өсүүдө. Жыл сайын ысык сууну өчүрүү учурунда ичүүчү суунун көрсөткүчү кыйла жогорулайт. Андыктан сууну үнөмдөп, рационалдуу пайдалануу өтө маанилүү», — дешти муниципалитеттен.

«Бишкек суу каналы» ишканасынын өтүнүчү:

— идиш жууп жатканда сууну керек эмес учурда өчүрүп туруңуз. Тынымсыз аккан суу текке кетиши мүмкүн. Бул жөнөкөй процедура бир топ үнөмдөөгө жардам берет;

— кир жуугуч жана идиш жуугуч машинаны болгон кубаттуулугуна коюп пайдаланыңыз. Бул нерсе сууну үнөмдөйт;

— сугат иштери түнкүсүн гана жүргүзүлүшү керек.