Коом

ИИМ: Жарандарды сак болууга жана күмөн жараткан ойнотууларга ишенбөөгө чакырабыз  

Кыргызстандын аймагында белгисиз адамдар өлкө жетекчилигинин атынан күмөн жараткан ойнотууларды жана акцияларды өткөрүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Буга байланыштуу, республикада өлкөнүн жогорку жетекчилигинин өкүлдөрүнүн атынан эч кандай күмөн жараткан ойнотуулар жана акча чогултуулар өткөрүлбөгөнүн маалымдайбыз. 

Урматтуу жарандар! Абийирсиз адамдардын алдамчылыгынын курмандыгы болуп калбоо үчүн сак болууга жана мындай аракеттерге ишенбөөгө чакырабыз. Чоң суммадагы сыйлыктарды сунуштаган күмөн жараткан лотереяларга, викториналарга жана сурамжылоолорго катышпаңыз.

Эскертебиз, социалдык тармактарда эч ким лотерея жана конкурстарды өткөрбөйт. Чагымчылдыкка алдырбоого, текшерилбеген аккаунттар боюнча күмөн жараткан лотереяларга катышуудан этият болууга, өзүңүздүн жеке маалыматтарыңызды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого чакырабыз. Эч качан Интернет аркылуу акча которбоңуз. Өзүңүзгө, үй-бүлөңүзгө жана досторуңузга кам көрүңүз.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button