Коом

Бишкекте жаңы тарыхый-мемориалдык көрүстөн пайда болот

Бишкек шаардык кеңеши тарыхый-мемориалдык көрүстөндү уюштуруу үчүн жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду.

Негиздеме-маалымат катка ылайык, бүгүнкү күндө Ала-Арча тарыхый-мемориалдык көрүстөнүнүн аймагында сөөк коюу үчүн 47 бош орун калган, анын ичинен 40 орун мурда резервделген.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы министрлер кабинетине тарыхый-мемориалдык көрүстөндү уюштуруу үчүн жер участогун берүү маселесин кароо өтүнүчү менен кайрылган.

Бишкек шаарынын мэриясына КР президентинин Иш башкармасы кат жөнөткөн, бул катта мурда Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан КР президентинин Иш башкармасынын пайдалануусуна берилген, ошондой эле берүү пландалган төмөндөгү жер участоктору мамлекеттик менчикке өткөрүп берилген учурда, тарыхый-мемориалдык көрүстөндү уюштуруу үчүн зарыл болгон жер участогун муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө даяр экендигин көрсөткөн:

1) Бишкек шаары, Абсамат Масалиев көчөсү – Ала-Арча дарыясы дарегинде жайгашкан аянты 10,878 га жер участогу;

2) Бишкек шаары, Абсамат Масалиев көчөсү – Ала-Арча дарыясы дарегинде жайгашкан аянты 1,6215 га жер участогу;

3) Бишкек шаары, А. Токомбаев көчөсү дарегинде, № 12 кичи районунун каршысында жайгашкан аянты 2,713 га, жер участогу;

4) Бишкек шаары, Семетей көчөсү – Чыңгыз Айтматов проспектиси дарегинде жайгашкан аянты 0,47 га жер участогу;

5) Бишкек шаары, № 12 кичи району дарегинде, А. Токомбаев көчөсүнүн бою, Түштүк долбоорлоо аймагында жайгашкан аянты 0,68 га жер участогу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button