2-3-июнь күндөрү Балыкчы – Чолпон-Ата унаа жолунан унаалардын өтүүсүнө мал-маалы менен чектөө киргизилип турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөө 2-3-июнда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Европа кеңешинин төрагасынын жолугушуусу учурунда чет өлкөдөн келген делегаттарды тосуп алуу жана коштоп жүрүүгө байланыштуу.

«Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара болгондуктан жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбооңуздарды, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.